• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Өкмөттө «Ак-Кула» ат майданын реконструкциялоо долбоорунун бет ачаары болду

Өкмөт 0

Бишкек, 22-май /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 22-майда, «Ак-Кула» ат майданын реконструкциялоо жана модернизациялоо боюнча жумушчу жыйын өткөрдү. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Жыйында «Ак-Кула» ат майданын толук реконструкциялоонун эскиздик долбоору көрсөтүлдү. Сунушталган жаңы долбоорго ылайык, ат майданда көрүүчүлөрдүн орундары 10 миң кеңейтилген.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков ипподром эл аралык стандартка дал келиши керектигин баса белгиледи.

«Спорттук ат оюндары жана башка маданий иш чаралардын бардыгы «Ак-Кула» ат майданында өткөрүлөт. Объекттин бардык инфраструктуралык маселелерин карап чыгып, аны сапаттуу реконтсрукциялоо керек», – деди Сооронбай Жээнбеков.

Жыйын соңунда Дене тарбия, спорт жана жаштар иштери боюнча мамлекеттик агенттигине жана Архитектура курулуш жана турак жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине «Ак-Кула» ат майданын реконструкциялоо долбоорун аягына чыгарып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна кайрадан жиберүү тапшырылды.

Эскерте кетсек, буга чейин Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков «Ак-Кула» ат майданына барып, абалды жеринен көрүп, бул багытта бир нече ирет жыйын өткөрүп, тиешелүү мамлекеттик органдарга ат майданды реконструкциялоо боюнча бир катар тапшырмаларды берген.

Пикир

Оставить комментарий