Өкмөттүн кезектеги жыйыны өтүүдө – сүрөт

Өкмөт 0

Бишкек, 22.05.19. /Кабар/. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин төрагалыгы алдында бүгүн, 22-майда, Кыргыз өкмөтүнүн кезектеги жыйыны өтүүдө.

Жыйында мамлекеттик сатып алуулар системасын өркүндөтүү жөнүндө маселе каралууда.

Мындан тышкары, жыйындын жүрүшүндө өкмөттүн “Арзан турак-жай 2015-2020” программасын ишке ашыруунун жүрүшү жана аны өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө маселе талкууланат.

Жыйындын күн тартибине киргизилген маселелер боюнча КР финансы министри Бактыгүл Жээнбаева жана “Мамлекеттик ипотекалык компания” ААКнын төрагасы Бактыбек Шамкеев баяндама жасашат.

Пикир

Оставить комментарий