• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Өкмөттө салык процедураларын фискалдаштыруу тутумун киргизүү чараларын ишке ашыруунун жүрүшү талкууланды

Өкмөт 0

Бишкек, 22.06.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 22-июнда, салык процедураларын фискалдаштыруунун электрондук тутумун киргизүү маселелери боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Өкмөт башчы бул долбоорду сапаттуу ишке ашыруунун өзгөчө маанилүүлүгүн белгиледи. Премьер-министрдин айтымында, салык тутумун фискалдаштыруу фискалдык органдардын ишмердигиндеги коррупциялык тобокелдиктерди жоюп жана республикалык бюджетке салыктык жыйымдардын түшүүлөрүн көбөйтөт. Ал электрондук эсеп-фактураларын, электрондук патентти киргизүү, маркировкалоо жана товарларды көзөмөлдөөнү колдонуу, салык төлөөчүлөргө салыктык отчеттуулукту электрондук түрдө сунуштоо, ошондой эле онлайн режиминде маалыматтарды бере алган көзөмөлдүк-кассалык машиналарды колдонууну жакшыртуу дегенди билдирет.

«Бул тутумдун киргизилиши менен ак ниеттүү атаандаштык үчүн шарттар түзүлөт. Башкарууну жана жалпы салык тутумун жакшыртуу мүмкүндүктөрү жаралат», - деп баса белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр ошондой эле товарларды маркировкалоо зарылдыгын белгиледи. Ал өлкөнүн Өкмөтү тарабынан аныкталган товарлардын белгилүү бир тизмеси боюнча жүргүзүлөт. Бул чара маркировкаланган товарлардын көлөмүн көмүскө экономикадан чыгарууну, аларды каттоо тутумун жөндөөнү шарттайт жана аткезчиликти жоюу үчүн таасирдүү механизм болот.

«Экономикалык өсүүгө жана көмүскө экономиканын көлөмүн кыскартууга жетишүү үчүн мамлекеттик органдар салык процедураларын фискалдаштырууну талаптагыдай киргизүү үчүн максималдуу күч-аракеттерди кабыл алуулары керек. Бул кыйла кыска убакыттын ичинде бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүүгө жол ачат», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы белгилегендей, көбүнесе өлкөнүн колунда бар жарандары өз кирешелерине шайкеш келбеген салыктарды төлөшөт, бул коомдо нааразычылыктарды жаратат жана мамлекеттик түзүмдөргө ишенимдин деңгээлин төмөндөтөт.

Экономика министринин орун басары Баккелди Түмөнбаев мурда Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин буйругу менен түзүлгөн салык процедураларын фискалдаштырууну киргизүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун ишмердигинин аралык жыйынтыктарын сунуштады.

Баккелди Түмөнбаев аткарылган иштер боюнча отчет берип, ыкчам чечүүнү талар кылган алдыдагы милдеттерди көрсөттү.

Кеңешменин жүрүшүндө катышуучулар тарабынан ведомстволор аралык жумушчу топтун ишмердиги боюнча бир катар сунуштар айтылды.

Өкмөт башчы тиешелүү мамлекеттик органдарга салык процедураларын фискалдаштыруунун электрондук тутумун киргизүүгө байланыштуу чараларды өткөрүүнү тездетүүнү тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий