• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

ӨКМ: Өзгөн каналынын жээгинен эркек кишинин сөөгү табылды

Кырсык 0

Бишкек, 27.08.21. /Кабар/. Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Нариман айыл аймагынын Нариман айылындагы Өзгөн каналынын жээгинен эркек кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жансыз дене жаткандыгы тууралуу 102 кызматына билдирүү түшкөн.

Жерине үч куткаруучу тартылып, маркумдун сөөгүн суудан чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Пикир

Оставить комментарий