• 85.5
  • 93.62
  • 0.88

ӨКМ жаандан улам таш кулоо жана сел жүрүү коркунучу бар аймактардын картасын жарыялады

Коом 0

Бишкек, 12.10.24. /Кабар/. 11-13-октябрда күтүлүп жаткан туруксуз аба-ырайына жана жаан-чачынга байланыштуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги таш кулоо жана сел жүрүү коркунучу бар аймактардын картасын жарыялады.

Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаментинин божомолдук материалдырына ылайык, республиканын төмөнкү тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда табигый процесстердин активдешүүсү күтүлөт:

  • Чүй облусунун Кемин, Аламүдүн, Сокулук, Москва, Жайыл жана Панфилов райондорунда;
  • Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл, Түп райондорунда;
  • Нарын облусунун Кочкор, Ак-Талаа, Ат-Башы, Жумгал райондорунда;
  • Талас облусунун Ч.Айтматов, Бакай-Ата, Манас, Талас райондорунда;
  • Жалал-Абад облусунун Чаткал, Ала-Бука, Сузак, Аксы, Ноокен, Базар-Коргон, Токтогул райондорунда;
  • Бишкек шаарынын аймактарында.

Республиканын төмөнкү унаа жолдорунда кооптуу болгон табигый процесстер жүрүүсү күтүлөт:

  • Бишкек – Ош унаа жолунун 150-246 чакырымында;
  • Кербен – Ала-Бука – Каныш-Кыя унаа жолунун 2-13, 22-24 чакырымында:
  • Бишкек – Балыкчы (Боом капчыгайы) унаа жолунун 112-138 чакырымында.

Өлкө жарандарын жана айдоочуларды этият болууга жана коопсуздук чараларын сактоого чакырабыз. Өзгөчө кырдаалдар пайда болгон учурда жергиликтүү ӨКМ бөлүктөрүнө кайрылыңыз же “112” бирдиктүү кызматына токтоосуз чалыңыз.

Пикир

Оставить комментарий