Бишкек, 02.08.18. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жарандарга жумасына эки жолу суудагы коопсуздук эрежелери жөнүндө СМС билдирүү жөнөтүп жатканын министрликтен билдиришти.
“Суулар, дарыялар – коркунуч булагы. Ата-энелер, балдарыңарды жакшы карагыла. Аларды көп убакытка көңүл бурбай калтырбагыла”, - деп жазылат СМСтин текстинде.
Пикир
Оставить комментарий