• 86.8
  • 91.85
  • 0.85

ӨКМ: Жумгалда дайынсыз жоголгон жарандарды издөө иштери күчөтүлдү

Аймак 0

Бишкек, 29.10.24. /Кабар/. Нарын облусунун Жумгал районунда дайынсыз жоголгон жарандарды издөө иштери күчөтүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 29-октябрда издөө иштерин жүргүзүүгө 42 куткаруучу, 35 милиция кызматкери, жергиликтүү тургундардан 10 адам, 6 дрон тартылды.

Эскерте кетсек, 16-октябрда Жумгал районундагы Өрнөк айылынын 1979-жылы туулган К.Б. жана 2015-жылы туулган С.Б. аттуу тургундары мал кайтарууга жайлоого кетип, кайтып келген эмес.

Пикир

Оставить комментарий