ӨКМде Жарандык коргонуу кызматтарынын кезексиз жыйыны өттү

Коом 0

Бишкек, 29.06.24. /Кабар/. Бүгүн таң эрте Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин борбордук аппаратында министрдин биринчи орун басары Азамат Мамбетов Жарандык коргонуу кызматтарынын башчыларынын – министрликтердин жана мекемелердин жетекчилерине кезексиз жыйыны өткөрдү.

Ведомстводон маалымдашкандай, жыйындын негизги максаты – өлкө аймагында туруксуз аба-ырайына ылайык ыкчам чара көрүү, кечиктирилгис иш-чараларды ыкчам уюштуруу.

Азамат Мамбетов ар бир министрликтин, мамлекеттик мекемелердин функционалдык милдетине тиешелүү тапшырмаларды берди.

Сел каптаган аймактарда электр энергиясы менен камсыздоо тутумдарын калыбына келтирүү, стратегиялык маанидеги жолдордо жол кыймылын көзөмөлдөө, жол-транспорт кырсыктарынын кесепеттерин жоюу, жабыркаган жарандарга медициналык жардам көрсөтүү жана аймактарда санитардык камсыздоо, ветеринардык чалгындоо, калкты таза суу менен камсыздоо жол каттамдарын калыбына келтирүү жана башка иштерин өз убагында жүргүзүүнү тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий