• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

ӨКМди техника менен камсыздоо жогорку деңгээлге жетти – Базарбек Быргыбаев

Коом 0

Бишкек, 30.08.24. /Мээрим Дүйшөналиева – Кабар/. Бүгүнкү күндө Өзгөчө кырдаалдар министрлигин техника менен камсыздоо жогорку деңгээлге жетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Өрткө каршы кызматынын ардагерлер кеңешинин төрагасы Базарбек Быргыбаев “Кабар” агенттигине билдирди.

Анын пикиринде, учурда Кыргызстан Орто Азияда заманбап техникалар менен камсыз болгон мамлекеттерди бири боло алды. Буга чейин саналуу гана техникалар жаңыланганы менен ал да эскирип, ишти толук камсыздай албай келген.

“Союз кулаганга чейин техникалар бар болчу. 1991-жылдан кийин деле ошол техникалар колдонулуп, эскирип жарактан чыгып жатты. Эскинин иши эски да, бир күн иштеп эки күн ремонтто турат. Өрткө чыкканда бир районго бир машина калган учурлар болгон. 2000-жылдан кийин Камчыбек Ташиев Өзгөчө кырдаал министрлигине келгенде 70тей техника алынган. Алардын да мөөнөтү аяктады. Мына азыр Кытай, Россия башка мамлекеттерден жаңы техникалар келип жатат. Муну менен ӨКМди техникалык жактан камсыздоо жогорку деңгээлге жетти десек жаңылышпайбыз. Атайын техникалар мурдагылардай эмес, ичи бардык керектүү заманбап жабдыктар менен жабдылган. Кызматкерлердин иштегенине шарттар түзүлгөн”, - деди Базарбек Быргыбаев.

Ошондой эле ал дал ушул жаңы техникалар табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюуда өз жардамын тийгизип жатканын кошумчалады.

“Техникалар өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюуда керекке жарап жатат. Кыргызстандын куткаруучулары Түркиядагы жер титирөөдөн кийин жардамга барышканда иштерине ыраазы болушуп, баа беришти. Өткөндө эле ЖЭБдеги аварияда да ошол эле кызматкерлер техникалар менен барышып, калыбына келтирүү иштерин жасашты. Өлкөдө катталган табигый кырсыктарда дал ушул техникалар ишке чыгып жатат”, - деп айтты ардагер.

Белгилей кетсек, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги соңку үч жыл ичинде 730дан ашуун техника менен толукталды. Республикалык бюджеттин эсибинен издеп-куткарууга ылайыкталган "Айрбас H-125", "Айрбас H-145" 2 тик учагы, инженердик, атайын жана жеңил унаалар келди.

Унаалардын бузулуп, суусуз жолдо калган учурлары эми артта калды. Анткени 5-8 тонналык 200дөй өрт өчүрүүчү унаа алынды. Алар ар кандай татаал шартта чыккан өрттүн очогуна секундасына 60 литрге чейин суу берип, тилсиз жоону ыкчам өчүрүүгө бардык шаймандары менен жабдылган.

54 метр бийиктикке чейин жетип, өрттү өчүрүүгө жана жарандарды коопсуз эвакуациялоого ылайыкталган автошатылар менен да толукталды. Ошондой эле 38 унаадан турган 2 мобилдик талаа госпиталы иштей баштады. Көп максаттуу "МИ-8 МТВ1" тик учагы, Ысык-Көлдү тазалоого катер, суучулдардын коопсуз иштөөсүнө абадай керек болгон барокамера алынды.

Климаттык өзгөрүүдөн улам орун алган табигый кырсыктардын алдын алууда жана кесепеттерин жоюуда алынган 100дөн ашуун кубаттуу инженердик техникалар, авариялык куткаруу унаалары куткаруучулардын ишин жеңилдетип жатат.

Пикир

Оставить комментарий