ӨКМдин адистери жер көчкү кооптуулугу бар аймактарга изилдөө жүргүзүүдө

Аймак 0

Бишкек, 21.05.24. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинин адистери Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарында жер көчкүгө изилдөө иштерин жүргүзүшүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Ошондой эле департаменттин адистери сел жүрүү, таш кулоо сыяктуу жана башка табигый кубулуштарга, анын ичинен жер көчкүгө такай көзөмөл жүргүзүп, жеринде визуалдык изилдөө иштерин аткарышууда.

Негизинен көчкүлөрдүн активдешүүсү климаттык, инженердик-геологиялык, геофизикалык, гидрологиялык шарттарга, антропогендик факторлорго, сейсмикалык активдүүлүккө байланыштуу болот. Учурда бир нече күндөн берки тынымсыз жааган жамгырдан жер көчкү активдешүү кооптуулугу турат.

Алар тобокелдиктерди баалоо үчүн кооптуу участкаларга атайын датчик, серсорлор жана башка инженердик шаймандарды орнотуп, жер көчкүнүн туруктуулугун көзөмөлдөшөт.

Белгилей кетсек, департамент тарабынан 2023-жылдын январь айынан баштап бүгүнкү күнгө чейин жаз-жай мезгилдериндеги табигый процесстердин коопсуз өтүүсүн камсыздоо, калкты жана объекттерди коргоо, ошондой эле кооптуу аймактарда жашаган үй-бүлөлөрдү көчүрүү боюнча иш-чараларын жүргүзүү үчүн мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарына, тиешелүү министрликтерге жалпы 309 атайын эскертме каттар жөнөтүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий