Бишкек, 08.01.25. /Кабар/. Бүгүн республика боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлеринин күжүрмөн даярдыгын баалоо максатында кезектеги кышкы окуу мезгили башталды.
Ведомстводон маалымдашкандай, 2025-жылга карата мерчемделген практикалык окутуулар өздүк курамдын кесипкөйлүгүн жогорулатууга, аларга жүктөлгөн милдеттерди аткарууну мыкты деңгээлге чыгарууга өбөлгө түзөт.
Кышкы окуу мезгили аскер кызматындагы куткаруучулардын күжүрмөндүгүн бекемдейт.
Пикир
Оставить комментарий