• 87
  • 90.41
  • 0.84

ӨКМдин тик учагы алыскы бийик тоолуу аймакка 1 тонна салмактагы оор техниканы жеткирди

Коом 0


Бишкек, 12.11.24. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин тик учагы 1-класстагы аба операциясын жүргүздү. Бул тууралуу ӨКМ башчысы Бообек Ажикеев билдирди.

Анын айтымында, тышкы асма системасы менен жабдылган Ми-8 МТВ-1 тик учагы 3750 метр бийиктиктеги Арстанбаптын жетүүгө кыйын болгон бийик тоолуу аймагына РПО РМТР үчүн салмагы 1 тонна болгон өндүрүштүк жабдууларды жеткирди.

Ал белгилегендей, жогорку кесипкөйлүк менен ишке ашырылган бул операция авиациянын мүмкүнчүлүктөрүн көрсөттү. Салмагы 4 тоннага чейинки жүктөрдү 5 миң метр бийиктикке жана өлкөнүн ар бир бурчуна жеткирүүгө мүмкүндүк жаралууда.

"Бул татаал тапшырманы тажрыйбалуу экипаж командирлери С.Садыков, А.Ашимов, бортмеханик С.Абдралиев жеринде техникалык колдоону авиациялык кызматынан инженер Эсенгул уулу Досумбек камсыздады.

Өлкөбүздүн бардык аймактарында, анын ичинде бийик тоолуу жерлерде аткарылган мындай жеткирүүлөр мамлекетибиздин мүмкүнчүлүктөрүнүн кеңейтилгенин билдирет", - деди министр.

Пикир

Оставить комментарий