• 85.06
  • 93.51
  • 0.88

КМШ мейкиндигинде улуттук экономикалар туруктуу өсүп, калктын бакубаттуулугу жогорулап жатат – Садыр Жапаров

Аналитика 0

Бишкек, 09.10.24. /Кабар/. Беларусиянын президенти Александр Лукашенко 2024-жылдын 8-октябрында Москвада Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйына кирип баратып журналистердин суроосуна жооп берип жатып мындай деди: “ Күн тартибинде баягы эле геосаясат, анан баардык тармактардагы кызматташтык жөнүндө кеңешебиз. Бирок эң негизгиси – биздин бирге болуу каалобуз өчпөш керек”.

Советтер Союзу таркагандан кийинки түзүлгөн уюм – бул Көз карандысыз Мамлекеттеринин шериктештиги. Ошондон бери КМШ дүйнөлүк глобалдуу геосаясаттын өйдө-төмөнүнө туруштук берип келе жаткан уюм.

Кезектеги жыйын Россия Федерациясынын президенти Владимир Путиндин төрагалыгы алдында өттү.

Жыйынга Азербайжандын президенти Ильхам Алиев, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Беларусиянын президенти Александр Лукашенко, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, ошондой эле КМШнын башкы катчысы Сергей Лебедев катышышты.

Тар чөйрөдө мамлекет башчылары дүйнөлүк геосаясий кырдаалга байланыштуу жалпы коопсуздук маселелерди талкулашты. Ошондой эле КМШ өлкөлөрүнүн ортосундагы соода-экономикалык мамилелерди мындан ары дагы өнүктүрүүнү жана маданий, гуманитардык байланыштарды бекемдөө маселелери талкууланды.

“Шериктештик мейкиндигинде КМШга мүчө мамлекеттердин өнүгүүнүн натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрү акыркы жылдары байкалган улуттук экономикалардын туруктуу өсүшү, социалдык-экономикалык абалдын жакшырышы, ошондой эле калктын бакубаттуулугунун жогорулашы болуп саналат”,- деп белгиледи Садыр Жапаров өз сөзүндө.

Мамлекет башчылары өз ишин кеңири курамда 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы совет элинин Жеңишинин 80 жылдыгына байланыштуу Шериктештиктин өлкөлөрүнүн элдерине жана дүйнө коомчулугуна кайрылууну кабыл алды. Садыр Жапаров Кыргызстан бул кайрылуусунун кабыл алынышын, 1941–1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согушта жана Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин «1941–1945-жылдардагы Эмгек даңкы шаары» ардактуу наамы жөнүндө жобону бекитүүнү колдой турганын билдирди. Мамлекет башчысы кыргыз тарап Улуу Жеңишти түбөлүккө калтыруу боюнча КМШ алкагында өтө турган бардык иш-чараларга активдүү катышаарын белгиледи.

Билдирүүдө КМШ өлкөлөрүнүн башчылары Шериктештикке кирген мамлекеттердин элдерин жана дүйнө элдерин фашизмдин, нацизмдин, милитаризмдин кайра жаралышына жол бербөөгө жана жаңы дүйнөлүк согушту баштоо аракеттерин токтотууга чакырары айтылат. Бугүн нацисттик, фашисттик көз караштарды карманып, колдогондор терисин алмаштырып ошол эле нацисттикти, фашисттикти кайра жаралуусун көздөшөт. Буларга милитаристтик күчтөрдү жакындатпоо аракети жүргүзүлүшү зарыл. Себеби, милитаристтик күчтөр катышпаса, фашизмдин пайда болушу да, фашисттик диктатураны орнотуу да мүмкүн эмес.

Мамлекет башчыларынын Кеңеши Парламенттер аралык ассамблеяны моделдик мыйзам чыгаруу, демократияны өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү, гуманитардык кызматташуу, жаштар долбоорлорун ишке ашыруусун жактырып, «Эс тутум поезди» жана конгресс боюнча адистештирилген иш-чараларды өткөрүү жаатындагы ишти улантууга чакырды. Мамлекет башчылары ошондой эле ПААнын орус тилин этностор аралык баарлашуу тили катары өнүктүрүүгө көмөктөшүү аракеттерин белгилешти. Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештиги жана «Орус тили – КМШ аймагындагы интеграциялык диалогдун негизи» деген эл аралык конференциясын үзгүлтүксүз өткөрүүгө колдоо көрсөтүштү.

2025-жылы Азербайжандын Лачин шаарын, 2026-жылы Армениянын Мегри шаарын жана Беларусиянын Молодечно шаарын 2027-жылы Шериктештиктин маданий борбору деп жарыялоо жөнүндө чечимге кол коюлду.

КМШ өлкөлөрүнө жиберилген делегациялардын укуктук статусу жөнүндө конвенция кабыл алынды. Бул документ кабыл алуучу мамлекет делегациялардын статусун жөнөтүүчү мамлекеттин органы катары тааныйт. Делегациянын статусу бекитилген Конвенциянын III бөлүгү менен жөнгө салынат: архивдердин жана документтердин кол тийбестиги, кыймыл эркиндиги, жөнөтүүчү мамлекет менен мамилелердин эркиндиги, дипломатиялык мүчөлөрдүн жеке кол тийбестиги.

2010-жылдын 10-декабрындагы Адамдарды мамлекеттер аралык издөө жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөр жана толуктоолор кабыл алынды. Мамлекеттер аралык издөөдө жүргөндөрдү аныктоого жардам берүү үчүн жүзүн таануу системасы жигердүү ишке киргизилүүдө. Бул документ боюнча Кыргызстанда КМШ өлкөлөрүндө мамлекеттер аралык издөөгө алынган адамдарды аныктоо системасы ишке кирген. 2-июндан бери жүзүн таануу функциясы бар сырткы видеобайкоо камераларынын жардамы менен КМШ өлкөлөрүндө мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн 57 адам аныкталган.

2025-2027-жылдарга дерадикализация чөйрөсүндө кызматташуу программасы кабыл алынды. Бул документ терроризмге жана экстремизмдин башка көрүнүштөрүнө каршы аракеттенүү көйгөйлөрүн изилдөө боюнча КМШга мүчө-мамлекеттердин базалык уюму жана Антитеррордук борбору тарабынан иштелип чыккан.

Программа радикализмдин пайда болушуна жана жайылышына шарт түзгөн себептерди жана шарттарды жок кылууга багытталган. Анын негизги милдеттери болуп Шериктештиктин өлкөлөрүнүн бул жааттагы кызматташтыгынын эл аралык-укуктук базасын өнүктүрүү, өз ара аракеттенүү практикасын өнүктүрүү, дерадикализация чөйрөсүндө мамлекеттердин ишмердүүлүгүн маалыматтык, аналитикалык жана илимий-методикалык камсыздоо саналат. Дерадикализация – диний экстремизм идеологиясынын терс таасирин акырындык менен азайтуу жолу менен адамдын жүрүм-турум компонентин ыктыярдуу оңдоого багытталган укуктук, социалдык, психологиялык жана психиатриялык чаралардын комплекси. Мындай иштер ар бир КМШ өлкөлөрүндө жүргүзүлүшү зарыл.

2027-жыл Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинде Укуктук билим берүү жылы деп жарыяланды. Бул - калктын укуктук маданиятынын деңгээлин жогорулатууга, алардын укуктарын жана милдеттерин түшүндүрүүгө багытталган бир катар иш-чараларды жүргүзүүгө, ошондой эле мыйзамдарды сыйлоого негизделген туруктуу коомду калыптандырууга көмөктөшөт деп күтүлүүдө.

КМШга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын кеңеши Россиянын Аэрокосмикалык күчтөрүнүн башкы колбашчысы Виктор Афзаловду мүчө мамлекеттердин Коргоо министрлер кеңешинин алдындагы Абадан коргонуу маселелери боюнча координациялык комитеттин төрагасы кылып дайындады. Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин мүчөсү, генерал-полковник Евгений Сысоевдин Антитеррордук борбордун жетекчиси кызматында иштөө мөөнөтү узартылды.

Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин мамлекет башчылары жарандык максаттар үчүн жасалма интеллект тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү жөнүндө Билдирүүнү кабыл алышты. Документте коомдун жана мамлекеттин жашоосунун негизги чөйрөлөрүнө жасалма интеллект технологияларын киргизүүнүн өсүп жаткандыгы белгиленип, коомдун жана мамлекеттин жашоосунун ар кандай чөйрөлөрүндө жасалма интеллект технологияларын ишке ашырууга мамлекеттик көзөмөлдүн маанилүүлүгү баса белгиленет, андан ары санариптик инфраструктура, технологияларды өркүндөтүү, анын ичинде БУУнун Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүү үчүн багытталган. Жасалма интеллект боюнча Глобалдык өнөктөштүктү түзүү мамлекеттердин жасалма интеллект технологияларына кызыгуусунун өсүп жатканын чагылдырат. Бул демилге катышуучуларга практикалык кызматташтыкты түзүүгө жана технологияларын иштеп чыгууга жана ишке ашырууга бирдиктүү мамилени иштеп чыгууга жардам бериши керек.

Мамлекеттик Думанын Кеңешинин чечими менен Шериктештикке “Эмгек даңкы шаары. 1941–1945» наамы бекитилди. Бул наам Улуу Ата Мекендик согушта Жеңишке жетүүгө, шаардын аймагында жайгашкан ишканаларда аскердик жана жарандык продукцияны үзгүлтүксүз өндүрүүгө чоң салым кошкон жана ошол эле учурда массалык эмгектик каармандыкты жана берилгендикти көрсөткөн шаарга ыйгарылат. Наамды ыйгаруу үчүн документалдуу аныктама негиз болот. 1941–1945-жылдардагы шаар тургундарынын эмгектик каармандыгы, ишканаларды Советтер Союзунун мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо же СССРдин Мамлекеттик коргоо комитетинин Кызыл Туулары менен сыйлоо, ишканалардын кызматкерлерин сыйлоо фактылары негиз болот.

Пикир

Оставить комментарий