• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

КМШ оюндары. Оор атлетчи Муратбек Ишенбек уулу коло медалга ээ болду

Спорт 0

Гродно, 06.07.23. /Кабар/. Кыргызстандын оор атлетика боюнча курама командасынын мүчөсү Муратбек Ишенбек уулу Беларуста өтүп жаткан КМШ өлкөлөрүнүн II оюндарында коло медалга ээ болду.

Спортчу Гродно шаарында өтүп жаткан мелдешке 67 кг чейинки салмак категориясында катышты.

Мелдештер кечээ, 5-августта башталып, 9-августка чейин созулмакчы.

Аталган оюндарда буга чейин Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча командасынын мүчөлөрү 6 медаль багындырган.

Белгилей кетсек, КМШ өлкөлөрүнүн II оюндары 4-августтан 14-августка чейин Беларустун 10 шаарында өтүүдө. Ага спорттун 22 түрү боюнча 22 мамлекеттен 2 миңден ашуун спортчу катышып жатат.

КМШ оюндарында Кыргызстандын намысын 17 спорттун түрүнөн (грек-рим күрөшү, бокс, оор атлетика, ок атуу, жеңил атлетика, жаа атуу, гандбол, баскетбол 3х3, эркин күрөшү, кыз-келиндер күрөшү, самбо, тайбокс, заманбап спорттун беш түрү, көркөм гимнастика, мини футбол, каратэ-до, сууда сүзүү) 200дөн ашуун спортчу коргоп жатат.

Мелдеш Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине кирген өлкөлөрдүн ортосундагы достукту бекемдөө менен дене тарбия жана спорт тармагында кызматташуу жөнүндө макулдашууну иш жүзүндө ишке ашыруу максатында өткөрүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий