КМШнын футбол боюнча оюнчуларынан турган команда Бишкекке келди

Коом 0

Бишкек, 29.08.22./Кабар/. КМШнын футбол боюнча оюнчуларынан турган курама команда Бишкекке келди. Алар эртең, 30-августта Кыргызстандын ардагерлеринин курама командасы менен футбол боюнча жолдоштук беттеш өткөрөт.

Маданият министрлигинин маалыматына ылайык, эртең, 30-августта КМШ жана Кыргызстандын курама командасы саат 11:00 маалымат жыйын өткөрөт.

Эске салсак, Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 31 жылдыгына карата КР менен КМШ өлкөлөрүнүн футбол боюнча ардагерлеринин ортосунда жолдоштук беттеш өтөт.

Оюн борбор калаадагы Д.Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт. Президент Садыр Жапаров да футбол боюнча Кыргызстандын ардагерлер курама командасынын катарында КМШ өлкөлөрүнүн футбол боюнча ардагерлер командасы менен беттешет.

Иш-чара саат 18:00дө концерттик программа менен коштолуп, футболдук беттеш саат 20:00дө башталат. Түз эфир УТРКнын, республикалык жана облустук телеканалдардын эфиринде, социалдык тармактардагы баракчаларда көрсөтүлөт.

КМШ өлкөлөрүнөн келген футболдун ардагерлеринин командасында Ринат Дасаев, Дмитрий Аленичев, Александр Азимов, Егор Титов, Хорен Оганесян, Марат Кабаев, Мухсин Мухамадиев, Евгений Алдонин, Эрик Яхимович жана башкалар бар.

Кыргызстандын футбол боюнча ардагерлеринин курамасында: Владимир Орешин, Закир Джалилов, Комол Тайчиев, Сергей Фокин, Нематжан Закиров, Ясын Мусаев, Валерий Березовский, Марлен Касымов, Сергей Лисичкин, Вячеслав Прянишников жана башкалар. Команданын башкы машыктыруучусу Борис Подкорытов.

Кирүү акысыз.

Пикир

Оставить комментарий