• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

КМТУнун студенттерине инновациялык билим берүү үчүн IT академия ачылды

Билим 0

Бишкек, 10.01.24. /Кабар/. Бүгүн, 10-январда И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде IT академиясы ачылды. Аземге билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу катышты.

Ведомстводон билдиришкендей, мында университеттин студенттери “Мобилдик иштеп чыгуу”, “Жасалма интеллект”, “буюмдар интернети” багыттары боюнча билим ала алышат жана Samsung компаниясынын методикасы боюнча практикалык көндүмдөргө ээ болуп, өздөрүнүн долбоорун иштеп чыгып, өздөрү иштеп чыккан мобилдик тиркемелерди сынай алышат.

Samsung IT академиясы – Бул маалыматтык технологиялар тармагында адистерди даярдоо боюнча Samsung Innovation Campus демилгесинин алкагындагы социалдык билим берүү программа.

Ошондой эле салтанаттуу аземге Санариптик өнүктүрүү министрлигинин кызматкерлери, Кореянын Кыргызстандагы элчилигинин, Korea International Cooperation Agency жана “Samsung Electronics” компаниясынын өкүлдөрү катышты.

Пикир

Оставить комментарий