Бишкек, 31.12.24. /Кабар/. Коңшу мамлекеттердин президенттери Садыр Жапаровду жана кыргыз элин жаңы жылы менен куттуктады.
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстандын элин жаңы жылы менен куттуктоо телеграммасын жиберген.
«Келе жаткан 2025-жылыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайм! Боордош кыргыз элинин жаркын келечеги үчүн Сизге көөнөрбөс энергия жана жоопкерчиликтүү ишиңизге чоң ийгиликтерди каалайм», — деп айтылат куттуктоодо.
Ошондой эле Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин жаңы жыл менен куттуктады.
«Сизди жана достук мамиледеги Кыргыз Республикасынын элин келе жаткан жаңы — 2025-жыл менен куттуктап, эң жакшы каалоо-тилектеримди жолдоо мага чоң кубаныч тартуулайт.
Сиздин жетекчилигиңиз астында жүргүзүлүп жаткан масштабдуу саясий жана социалдык-экономикалык реформалардын натыйжасында боордош Кыргызстанда бүгүнкү күндө бардык чөйрөлөр динамикалуу өнүгүп жатканына биз абдан кубанычтабыз.
Бекем саясий эрк жана биздин биргелешкен аракеттерибиздин жана умтулууларыбыздын жемиштүү болушу менен катар акыркы жылдары Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк мамилелери барган сайын тереңдеп баратканын баса белгилеп кетким келет.
Баарын камтыган жана узак мөөнөттүү кызматташтык мамилелер боордош элдерибиздин жалпы жыргалчылыгы үчүн өз ара ишеним, урматтоо жана колдоо духунда мындан ары да динамикалуу өнүгө берет деп ишенем», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.
Ал эми, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон дагы куттуктоо телеграммасын жиберди.
“Узап бараткан 2024-жылы тажик-кыргыз мамилелеринин маселелерин чечүү боюнча биргелешкен аракеттерибиздин оң натыйжаларын канааттануу менен белгилегим келет.
Бул процессти достук, ынак коңшулук, түшүнүү, өз ара урматтоо жана ишеним духунда ырааттуу илгерилетүү максатында бардык деңгээлдерде конструктивдүү диалогду улантууга бекем ниеттебиз.
Мындан ары да биз мамлекеттер аралык мамилелерибизди бекемдөөгө жана аларды биздин өлкөлөрдүн жарандарынын түпкү кызыкчылыктарына ылайык жаңы практикалык мазмун менен толтурууга ар тараптан көмөк көрсөтөбүз деп ишенем",-деп айтылат куттуктоодо.
Пикир
Оставить комментарий