• 87
  • 90.59
  • 0.86

Кочкор-Атада оорукананын имараттары жана жер тилкелери мамлекетке кайтарылууда

Аймак 0

Бишкек, 27.12.24. /Кабар/. Кочкор-Атада оорукананын имараттары жана жер тилкелери мамлекетке кайтарылууда. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, мыйзамсыз менчиктештирилген мамлекеттик мүлктөрдү кайтаруу иштеринин алкагында мурда Кочкор-Ата аймактык ооруканасына тиешелүү болгон объектилерди жана жер тилкелерин жеке менчикке мыйзамсыз өткөрүп берүү фактысы аныкталды.

Тактап айтканда, 1993-жылдан 2009-жылга чейин ММБФнын түштүк аймактык башкармалыгы, ошондой эле Кочкор-Ата шаарынын жергиликтүү бийлик органдары тарабынан аталган аймактык оорукананын балансында турган объекттерди жана жер участокторун мыйзамсыз ээликтен чыгаруу системалуу негизде жүзөгө ашырылгандыгы такталды.

Жалпысынан 4 административдик имарат, ошондой эле төрөт бөлүмүнүн бир бөлүгү, мындан тышкары, жалпы аянты 28 сотых жер тилкелери ээликтен ажыратылган. Натыйжада учурда оорукананын аймагында 2 турак үй жана 2 жеке клиника, ошондой эле 5 дарыкана курулган.

Белгилей кетсек, КР президентинин 1995-жылдын 16-февралындагы №37 Жарлыгына ылайык, социалдык инфраструктура объектилери жеке жактарга сатылууга тийиш эмес. Ошондой эле КР Жер кодексинин 44-беренесине ылайык, имараттар жана курулмалар, курулушка бекитилген жер участогуна болгон укуктан ажырагыс болуп саналат.

Учурда УКМК прокуратура менен биргеликте бул объектилерди шаардык оорукананын балансына кайтаруу процедурасын баштады.

Пикир

Оставить комментарий