• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кочкор-Атада шектүүнү кармоо учурунда анын уулу спецназга кол салган. Окуянын чоо-жайы

Укук тартиби 0


Бишкек, 28.03.24. /Акназик Тургунбаева — Кабар/. Ноокен районунун Кочкор-Ата шаарында шектүүнү кармоо учурунда анын уулу спецназга кол салган.

Облустук милициянын маалыматы боюнча, Ноокен РИИБге О.Т. аттуу жаран арыз жазып, анда Кочкор-Ата шаарында белгисиз алты адам жеке күзөт агенттигинин кызматкерине кол салып, таш, кирпич жана таяк менен куралданып сабашкандыгы тууралуу билдирген. Окуя ушул жылдын 4-мартында болжол менен саат 09:30да болгон.

Аталган факты боюнча топтолгон материалдар кылмыштардын бирдиктүү реестрине КР Кылмыш-жаза кодексинин бейбаштык беренеси катталып, кылмыш иши козголгон.

Кылмышка шектүү катары 40 жаштагы Н.С. аттуу Ноокен районунун тургуну бир нече жолу суракка чакырылып, бирок келбей жүргөн.

27-мартта Кочкор-Ата шаарында кылмышка шектүү кармалып, ал каршылык көрсөткөндүктөн ага күч колдонулган. Бул учурда анын 2006-жылы туулган уулу спецназдын кызматкерлерине кол салган. Аталган факты боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.

Шектүү делген Н.С. убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий