• 87
  • 90.63
  • 0.79

Кочкор-Коммунизм унаа жолундагы көпүрө пайдаланууга берилди

Аймак 0

Бишкек, 30.12.24. /Кабар/. Кочкор районундагы Кочкор-Коммунизм унаа жолунун 1,5 чакырым аралыгындагы көпүрө пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, 1970-жылы "Чу" суусуна курулган темир- бетон көпүрө оор жүк ташуучу унаалардын көбөйүшүнөн улам 2016-жылы ортоңку таянычтары чөгүп, тирөөчтөрү ийилип авариялык абалга келгендиктен жаңы көпүрө куруу муктаждыгы бар экени аныкталган.

Белгиленгендей, "Кыргызжолтрансдолбоор" долбоорлоо жана изилдөө институту тарабынан сметалык баасы эсептелип, көпүрөнүн иш кагаздары мамлекеттик экспертизадан өткөн.

Бүгүнкү күндө, курулуш иштери Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы "Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасына тиешелүү №1 жол куруу башкармалыгы аркылуу 51 млн сомго ишке ашырылды.

Пикир

Оставить комментарий