• 87
  • 90.64
  • 0.85

Кочкор – Коммунизм жолундагы көпүрөнүн курулушу кызуу жүрүүдө

Аймак 0

Бишкек, 01.11.24. /Кабар/. Кочкор Коммунизм унаа жолунун 1-500-чакырымындагы Чу дарыясынан өтүүчү көпүрөнүн курулуш иштери кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу Транспорт министрлиги билдирет.

Бүгүнкү күндө бетон аралашмасын куюу иштери жүрүп, жеринде техникалар иштеп жатат. Жаңы көпүрөнү салуу иштери жакынкы күндөрү аяктайт, андан соң асфальт басуу иштери аткарылат.

Көпүрөнүн узуну 54 метрди түзөт, туурасы 12,5 метрди түзөт.

Белгилей кетсек, Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев үстүбүздөгү жылдын 2-октябрында Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында Чу дарыясынан өтүүчү көпүрөнүн курулуш иштери менен жеринен таанышып, жумушту өз убагында бүтүрүү тапшырмасын койгон.

Пикир

Оставить комментарий