Бишкек, 26.11.24. /Кабар/. Кочкор районунун Теңдик айылында “ДАТКА” машина-трактордук станциясы ачылды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинен билдиришти.
Иш-чарага Айыл чарба министрлигинин жооптуу кызматкерлери, райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын адистери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана дыйкан-фермерлер катышты.
Жаңы ачылган машина-трактордук станция 2 даана Е-302 жатка, 2 даана МТЗ-80 трактор, 1 даана YTO-1404 трактор, 2 даана 2птс-4-793 прицеп, 1 даана соко, сзу 3,6 сеялка, 1 даана арышник, 1 даана картофеле копалка, 1 даана культиватор, 1 даана ппл 1,6 прессподборщик, 1 даана роу-6,1 даана кпи 2,4 чөп турагыч менен толукталды.
Белгилей кетсек, буга чейин Кочкор районунда 4, анын ичинде 1 муниципалдык 3 жеке МТС иштеп келген. Ошондой эле 2024-жылдын аягына чейин дагы бир МТС ачуу пландалууда.
Пикир
Оставить комментарий