Кочкордо 5 миң батирлүү ипотекалык турак жайдын курулушу башталды

Өкмөт 0

Бишкек, 29.06.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Нарын облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу Кочкор районунун Кочкор айылында 5 кабаттуу турак жайдын курулушуна мезгил кутучасын салуу аземине катышты.

Министрлер кабинетинин башчысы МИК программасы боюнча республика боюнча көп кабаттуу турак жайларды куруу кызуу жүрүп жатканын белгиледи.

«Республика боюнча 11 миңден ашык батирлер курулуп жатат, быйылкы жылдын аягына чейин 5 миңге жакын батир бүткөрүлөт. Биз Кыргызстандын ар бир жараны арзан баада турак жай алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу үчүн аракет кылабыз», — деди Акылбек Жапаров.

Ал ошондой эле бир күн мурда президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында өткөн жыйынга токтолду.

«Октябрь айынан баштап пенсиянын минималдуу өлчөмү 6 миң 900 сомду түзөт. Мындан тышкары медицина кызматкерлеринин эмгек акысы 50%га көтөрүлөт. Бир катар медициналык кызматкерлерге, атап айтканда педиатрларга жана хирургиялык анестезиологдорго кошумча акы төлөө системасы киргизилет. Мен Орто-Токой суу сактагычында чакан ГЭСтин курулушуна капсула салдым, Камбар-Ата ГЭС-1 жана Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу башталат. Бир сөз менен айтканда, өлкө прогрессивдүү өнүгүү траекториясында ишенимдүү бара жатат, экономикадагы реформалар, салык жана бажы процедураларын санариптештирүүнүн натыйжалары өлкөнүн калкынын жашоо деңгээлин толугу менен жакшыртууга мүмкүндүк берет», — деди Акылбек Жапаров.

Андан соң мезгил кутучасын салуу аземи болуп, ага КР президентинин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев жана райондун активи катышты.

Пикир

Оставить комментарий