Кочкордо мугалим диплом текшерүүдөн улам өз өмүрүнө кол салган

Кырсык 0

Бишкек, 11.03.22. /Кабар/. Нарындын Кочкор районунда мугалим диплом текшерүүдөн улам өз өмүрүнө кол салган.

Нарын облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, 9-мартта милицияга 59 жаштагы К.К. аттуу жаран өзүнүн 54 жаштагы Ч.Г. аттуу жубайы кампада асынып алганын билдирип, кайрылган.

Окуя болгон жерге барган ыкчам тергөө кызматкерлери аялдын денесинен зомбулук менен өлүмдүн изин табышкан эмес.

Учурда окуя боюнча текшерүү жүрүүдө.

Айрым маалыматтарга караганда, мектептин мугалими прокуратурага жасалма диплому боюнча суракка чакырылган.

Пикир

Оставить комментарий