Бишкек, 02.10.20 /Кабар/. Кочкордо сууга чөгүп кеткен бала табыла элек . Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, 7-август күнү Нарын облусунун Кочкор районундагы Теңдик айылында Чу дарыясына 7 жашар бала чөгүп кеткен.
1-октябрь күнү издөө иштерин улантуу максатында КР ӨКМдин куткаруучулары тартылган, бирок издөө иштери натыйжа берген жок.
Бүгүн, 2-октябрь күнү издөө иштери улантылууда.
Пикир
Оставить комментарий