Бишкек, 19.10.20. /Кабар/. Кочкордо сууга чөгүп кеткен баланы издөө иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, 7-август күнү Нарын облусунун Кочкор районундагы Теңдик айылында Чу дарыясына 7 жашар бала чөгүп кеткен.
18-октябрда жерине издөө иштерин улантуу куткаруучулар тартылган. Бирок жыйынтык болгон эмес.
Бүгүн, 19-октябрь күнү издөө иштери улантылат.
Пикир
Оставить комментарий