• 85.5
  • 93.43
  • 0.89

Кочкордо айыл тургундары имамга умрага жолдомо белек кылышты

Коом 0

Бишкек, 14.10.24. /Кабар/. Кочкордо айыл тургундары мечиттин имамына умрага жолдомо белек кылышты. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы билдирди.

Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Кара-Суу айыл аймагынын Орток айылынын имамы Бакай Шейшеналиевге көп жылдан бери айыл элинин жакшылык-жамандыгына күнү-түн, ысык-суук дебей кызматын өтөп келгендиги үчүн айыл тургундары умра сапарын белек кылышты.

Мындай жакшы саамалыкты айылдын аксакалдары жана жаштары имамга терең ыраазычылык айтуу менен ыйгарышты. Бакай Шейшеналиев 13 жылдан бери Орток айылында имамдык кызматын аркалап келет,-деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий