• 84.92
  • 94.05
  • 0.93

Кой-Таш жана чек ара окуясы: Эл өкүлдөрү эки күндүк эмгек акысын курман болгондордун үй-бүлөсүнө которот

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 18.09.19. /Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаттары мамлекеттик кыргыз-тажик чек арасындагы окуядан улам жана Кош-Таштагы окуяда курман болгон жоокерлердин үй-бүлөлөрүнө жардам катары 2 күндүк айлык маянасын которушат. Аталган демилгени Жогорку Кеңештин отурумунда депутат Кожобек Рыспаев көтөрүп чыкты.

Чек ара маселесине байланыштуу Кожобек Рыспаев каза болгон жоокерлердин артында кичинекей балдары калганын айтып, депутаттар 2 күндүк айлыгын жардам катары которсо туура болоорун билдирди.

"Баткендеги чек арада болгон окуяда мекенди коргоп жатып бир жоокерибиз курман болду. Анын артында үч баласы калды. Кой-Ташта да бир жоокер каза болуп, анын артында да балдары калган. Эки жоокердин үй-бүлөсүнө депутаттар 2 күндүк айлык маянасынан жардам көрсөтүп койсок", - деди ал.

Бүгүн Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында чыккан чыр боюнча саат 14:00дө премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Жогорку Кеңешке маалымат берет.

Белгилей кетсек, 16-сентябрь күнү кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында кайрадан чыр чыгып, ок атылган. Жаңжалдын чыгышына чек арага жакын жердеги такталбаган аймакка тажик жарандары курулуш иштерин баштаганы себеп болгон. Чек арадагы чатактын натыйжасында бир нече адам жараат алып, “Бөрү” атайын тобунун кызматкери Равшан Муминов курман болгон.

Эскерте кетсек, 7-август күнү мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо учурунда күч түзүмдөрү менен мурдагы президенттин тарапташтары ортосунда кагылышуу болгон. Анын жыйынтыгында атайын даярдыктагы бөлүктүн кызматкери каза болуп, 70тен ашык киши ар кандай жаракат алган.

Пикир

Оставить комментарий