Кой-Ташта Lexus бакты сүзүп, айдоочу кыз каза болду

Кырсык 0


Бишкек, 17.06.22. /Кабар/. Кой-Таш айылында 15-июнда саат 18:00дөр чамасында Lexus 330 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай, жол жээгиндеги бакты сүзгөн.

“Кабар” агенттигине Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, унааны 2003-жылы туулган А.А. аттуу кыз башкарып бара жаткан. Ал алган жаракаттарынан улам ооруканада каза болгон.

Ошондой эле 2000-жылы туулган Т.Э. аттуу жүргүнчү ооруканага жаткырылган.

Бул факты боюнча Аламүдүн РИИБи тарабынан иликтөө иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий