• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

KOICA Кыргызстандын кесиптик лицейлеринин шарттарын жакшыртууга көмөктөшүүдө

Коом 0

Бишкек, 09.09.2024. /Кабар/. Корея эл аралык кызматташуу агенттиги (KOICA) Кыргызстандын кесиптик лицейлеринин шарттарын жакшыртууга көмөктөшүүдө. Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу Кеминдеги №19 кесиптик лицейде фитнес жана эс алуу зоналарынын ачылышында билдирди.

Ведомстводон маалымдашкандай, иш-чарага Кемин райондук мамлекеттик администрациясынын өкүлдөрү жана Корея эл аралык кызматташуу боюнча агенттигинин (KOICA) өкүлчүлүгүнүн башчысы Лим Соён катышты.

Министрдин орун басары №19 кесиптик лицейиндеги шарттарды жакшыртууда KOICA көмөк көрсөтүп жаткандыгын белгилеп, билим берүү тармагындагы долбоорду ишке ашырууда жемиштүү кызматташтык үчүн ыраазычылык билдирди.

“Жаштардын келечегин кеңейтүү үчүн биз кесиптик лицейлерди колдоого багытталган демилгелер боюнча өз ара аракеттенүүнү тереңдетүүгө даярбыз”, - деди Расул Абазбек уулу.

KOICA №19 кесиптик лицейдин материалдык-техникалык базасын жакшыртуу үчүн долбоорго 2 млн сом каражат бөлгөн. Ошондой эле узак мөөнөттүү долбоор боюнча агенттик Бишкектеги №94 кесиптик лицейинде телефон жана тиричилик техникаларын оңдоо лабораториясын ачып, өткөн жылы аларга компьютердик класстар үчүн 1,7 млн сомдук жабдууларды берген.

Пикир

Оставить комментарий