KOICA Кыргызстандын мамлекеттик автопаркын электромобилге өткөрүүгө көмөктөшөт

Экономика 0

Бишкек, 10.06.24./Кабар/. Корея эл аралык кызматташтык агенттиги (KOICA) Кыргызстандын мамлекеттик автопаркын электромобилге өткөрүү долбоорун ишке ашырууга көмөктөшөт. Тиешелүү келишимге экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев менен KOICA`нын президенти Чанг Вондун жолугушуусунда кол коюлду.

Ведомстводон маалымдашкандай, Данияр Амангелдиев жашыл экономика, туруктуу энергия менен камсыздоо, экспортту жана өнөр жай кооперацияларын өнүктүрүү сыяктуу стратегиялык багыттарда кызматташууну бекемдөөгө үмүтүн билдирди. Ал Кыргызстан жашыл экономика, туруктуу энергетика жана эл аралык соода саясатын активдүү өнүктүрүүдө деп белгиледи.

Өз кезегинде KOICA’нын президенти агенттик "жашыл" демилгелерге, органикалык айыл чарбасына, санариптештирүүгө көмөктөшүүгө даяр экендигин билдирип, корея агенттигинин ишмердүүлүгүнүн негизинде өнөктөш өлкөлөрдүн муктаждыктарын жана стратегиялык өнүгүү багыттарын эске алып жатканын белгиледи.

Жолугушуунун соңунда тараптар ортосунда Мамлекеттик автопаркты электр транспортуна өткөрүү долбоору боюнча протоколго кол коюлду.

Пикир

Оставить комментарий