Койчуманов: Азыр кыска мөөнөттүү чаралар маанилүү, бирок структуралык жана узак мөөнөттүү чараларды иштеп чыгуу керек

Экономика 0

Бишкек, 12.05.20. /Кабар/. «Азыр кыска мөөнөттүү чаралар маанилүү, бирок ошону менен бирге кризистен чыгуунун жолдорун издеп, структуралык жана узак мөөнөттүү чараларды иштеп чыгуу керек», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңештин катчысы Таалайбек Койчуманов Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун өлкөнүн бизнес-ассоциациялары менен болгон жолугушуусунда.

Ал бизнес өз суроолоруна так жооп алышы үчүн бизнес өкүлдөрү менен мындай жолугушуу иш-чаралары Өкмөттө да өткөрүлүшү керектигин белгиледи. Ишкерлер жоопторду өздөрү угушу маанилүү жана бул аянтчалардын жардамы менен көптөгөн көйгөйлөрдү жойсо болот.

Таалайбек Койчуманов фискалдаштыруу, санариптик текшерүү жана салык мыйзамдарын жөнөкөйлөтүү боюнча фискалдык реформа жүргүзүү өзгөчө маанилүү экендигине токтолду.

«Жалпысынан ченемдерди болушунча төмөндөтүү зарыл. Бизнес үчүн кризистен чыккандан кийин өтө күчтүү атаандаштыктагы укуктук базанын болушу маанилүү. Мыйзамдар коңшу өлкөлөрдүкүнө салыштырмалуу күчтүү атаандаш боло алгыдай кажет», — деп жыйынтыктады Таалайбек Койчуманов.

Эске салсак, өлкөнүн бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү Мамлекет башчысы менен кечээ, 11-майда жолугушкан. Алар азыркы түзүлгөн кырдаалда ишкерлер туш болуп жаткан көйгөйлөр жөнүндө айтып беришкен. Ошондой эле өлкөдөгү экономикалык активдүүлүктү калыбына келтирүү боюнча конкреттүү сунуштарын айтышты.

Аталган жолугушууда Президент Сооронбай Жээнбеков Өкмөткө кыска жана узак мөөнөттүү антикризистик программаларды иштеп чыгуу процессине бизнес коомчулугун активдүү тартууну сунуш кылды. Өлкөнүн Өкмөтү тарабынан өнүгүүнүн уникалдуу мүмкүнчүлүктөрүн аныктоочу жаңы стратегия иштеп чыгуу үчүн бизнес өкүлдөрү менен биргеликте атайын жумушчу топ түзүлүшү зарылдыгын баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий