• 86.8
  • 91.19
  • 0.85

Коюу туман түштү, сак болгула! ЖКККББ айдоочуларга кайрылды

Коом 0

Бишкек, 27.01.24. /Кабар/. Аба ырайы кескин өзгөрүп, коюу туман каптап жаткандыгына байланыштуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган башкы башкармалыгы (ЖКККББ) айдоочуларга кайрылып, жолдо сак болууга чакырды.

ЖКККББ айдоочуларды төмөнкү эрежелерди так сактоого чакырат:

  • жолдордун тайгактыгын же кечкисин жол тыгыны пайда болушун эске алып, бара турган жериңизди пландоо менен жолго 20-30 мүнөт эртерээк чыгыңыз;
  • унааңызды жүргүзүү учурунда кышкы дөңгөлөгүнө, кыймылдаткыч майына, терезе арчыгычтардын иштөөсүнө жана жалпы техникалык абалына көңүл буруңуз;ж
  • жолдо жүрүү учурунда ылдамдыкты көрсөтүлгөн белгиден ашырбаңыз;
  • алдыдагы унаа менен болгон аралыкты сактаңыз;
  • ашып өтүүдө же маневр жасоо учурларында карама-каршы багыттагы келе жаткан унаага көңүл буруу менен шашылбай чыгыңыз;
  • алыскы жолго чыга турган болсоңуз сөсүз түрдө дөңгөлөкө оролуучу чынжырларды же кошумча дөңгөлөктөрдү алып алууну унутпаңыз.

Жол кыймылынын коопсздугун камсыздоо башкы башкармалыгы жолдордогу мындай катаал кырдаал 3-4 күнгө чейин уланаарын эскертип, жол кыймылынын эрежелерин так сактоого чакырат.

Пикир

Оставить комментарий