• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кол күрөш боюнча Азия биринчилигинде Кыргызстан экинчи орунду ээледи

Спорт 0

Бишкек, 12.06.19. /Кабар/. Чолпон-Ата шаарында өткөн кол күрөш боюнча Азия биринчилигинде Кыргызстан командалар арасындагы эсепте экинчи орунду ээледи. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене-тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.

Агенттиктен билдиришкендей, мелдеш эркектер, кыз-келиндер, ардагерлер, мүмкүнчүлүгү чектелгендер жана жаш уландар арасында өткөн. Ага жалпы 517 спортчу катышкан.

Кыргызстан 156 медаль уткан: 28 алтын, 49 күмүш жана 79 коло.

Командалык эсепте 367 медаль алган Казакстан биринчи, 110 медаль алган Өзбекстан үчүнчү болгон.

Пикир

Оставить комментарий