Жалал-Абадда Коммуналдык чарба жана көрктөндүрүү департаментине жаңы техника тапшырылды

Аймак 0

Бишкек, 14.07.23. /Кабар/. Жалал-Абад мэриясынын Коммуналдык чарба жана көрктөндүрүү департаментине жаңы техника тапшырылды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, 2023-жылы чыгарылган DFAC үлгүсүндөгү манипулятордун ачкычын шаар мэри Эрнисбек Ормоков, шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Автандил Дүйшеев тапшырды.

Аталган техниканын жардамы менен шаардагы көчөлөрдү жарыктандыруу, темир-бетон арык куурларын жаткыруу сыяктуу жумуштар жасалат.

Белгилей кетсек, техниканы сатып алуу үчүн жергиликтүү бюджеттен 3 млн 400 миң сом акча каражаты бөлүнгөн.

Пикир

Оставить комментарий