• 85.06
  • 93.51
  • 0.88

Бишкектеги Комсомол көлүндө сууга түшүү сезону ачылды

Коом 0

Бишкек, 30.07.24. /Кабар/. Бишкек шаарында Комсомол көлүндө сууга түшүү сезону жана Кара жыгач токоюнун эс алуу аймагынын ачылышы болду.

Муниципалитеттен билдиришкендей, шаардыктар жана борбор калаанын коноктору үчүн оюн-зоок программасы жана майрамдык концерт даярдалды.

Ошондой эле асфальтка сүрөт тартуу боюнча мастер-класстар жана борбордук фонтандын айланасындагы чыгармачылык зоналар уюштурулду. Анда чиймелери бар мольберттер жана экрандар орнотулган.

Мындан тышкары, "Нептун" жана "суу перилердин" катышуусунда ачык оюндар, сынактар жана викторина, оюн-зоок программасы уюштурулду.

Спорттук мелдештер (стол тенниси, футбол, пионербол, балдар үчүн жеңил атлетика, эстафета, аркан тартыш, таяк тартыш) өткөрүлдү.

Токойдун аймагында батут жана фудкорт аянтчалары орнотулду.

Пикир

Оставить комментарий