• 87
  • 90.59
  • 0.87

Конфликттүү аймактардан кайтарылган жарандар менен иштегендер үчүн усулдук колдонмолор даярдалды

Коом 0

Бишкек, 25.12.24. /Кабар/. Конфликтүү аймактардан кайтарылган жарандарды коомго интеграциялоо боюнча усулдук колдонмолор презентацияланды. Бул тууралуу Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, усулдук колдонмолор Диний кырдаалды изилдөө борбору Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму менен өнөктөштүктө иштелип чыкты. 4 басылма конфликттүү аймактардан мекенине кайтарылган жарандар менен иштеген адистер үчүн даярдалды.

Тактап айтканда, методикалык колдонмолорду ички иштер органдарынын кызматкерлери, мугалимдер, социалдык педагогдор, дарыгерлер, диний ишмерлер, социалдык кызматкерлер колдонот.

Комиссия декабрь айында Баткен, Жалал-Абад, Ош, Чүй, Ысык-Көл облустарында конфликттүү аймактардан мекенине кайтып келген жарандарды коомго интеграциялоо үчүн атайын даярдалган методикалык колдонмолорду жергиликтүү кызматкерлерге тааныштыруу иш-чаралары өткөрүлүп жаткандыгын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий