• 87
  • 90.41
  • 0.84

Конституциялык палата Атамбаевдин иши боюнча Дүйшеевди соттук коллегиянын курамынан чыгаруу тууралуу өтүнүчтү четке какты

Укук тартиби 0

Бишкек, 23.10.19. /Кабар/. Кыргызстандын Конституциялык палатасы бүгүн, 23-октябрда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевден экс-президент деген макамды алуунун мыйзамдуулугун карап жатат.

Жыйындын жүрүшүндө юрист Нурбек Токтакунов Конституциялык палатанын төрагасы Карыбек Дүйшеевге ишенбестик көрсөткөн.

Судьялар кеңешүү бөлмөсүнөн чыгып, Дүйшеевди соттук коллегиянын курамынан чыгаруу тууралуу өтүнүчтү четке какты.

Андан кийин Атамбаевдин тарапташтары дагы бир өтүнүч келтиришкен. Алар билдиргендей, судья Эркинбек Мамыров бул ишти карабашы керек. Алар анын калыстыгынан шек санашууда.

Соттор чечим кабыл алуу үчүн кеңешүү бөлмөгө кирип кетишти.

Отурум Карыбек Дүйшеевдин төрагалыгы алдында өтүүдө. Отурумда ошондой эле Эркинбек Мамыров, Эмил Өскөнбаев, Чынара Айдарбекова, Мукамбет Касымалиев, Жедигер Саалаев, Куанбек Киргизбаев, Айсалкын Нарынбеков жана Чолпон Осмоновалар катышууда.

Эскерте кетсек, Атамбаевдин макамын алуу үчүн КРнын парламентинде атайын комиссия түзүлгөн. Комиссия ишинин аягында Атамбаев бир катар кылмыштарга тиешелүү экендиги аныкталган. Атап айтканда, Бишкек ЖЭБин модернизациялоодо коррупциялык схемаларды түзүү, кримтөбөл Азиз Батукаевди мыйзамсыз абактан бошотуу, ЖЭБге көмүр сатып алуудагы коррупция, Кой-Таш айылында жерлерди мыйзамсыз трансформациялоо жана алуу ж.б.

7-август күнү кечинде мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоого багытталган атайын операциянын жүрүшүндө күч түзүмдөрү менен мурдагы президенттин тарапташтары ортосунда кагылышуу болгон. Анын жыйынтыгында 46 жаштагы атайын даярдыктагы бөлүктүн кызматкери каза болуп, 40тан ашык киши ар кандай жаракат алган.

8-август күнү күч түзүмдөрү Атамбаевдин анын Кой-Таштагы үйүнөн кармап, ал УКМКнын тергөө абагына 26-августка чейин киргизилген. 20-август күнү Биринчи май райондук соту Атамбаевдин баш коргоо чарасын тандап, аны камак артында 26-октябрга чейин калтырган.

Пикир

Оставить комментарий