Конституциянын долбоорунда КР жараны жарандыгынан ажыратылбай тургандыгы жазылды – Шерипов

Коом 0

Бишкек, 11.12.20. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Конституциянын жаңы долбоорунда КР жараны жарандыгынан ажыратылбай тургандыгы жазылды. Бул тууралуу Бишкектеги маалымат жыйында Конституциялык кеңешменин “Адам жана жарандын укуктары жана эркиндиктери” секциясынын жетекчиси Нурлан Шерипов билдирди.

Анын айтымында, 2016-жылдагы референдумда КР жаранын жарандыгынан ажыратуу мүмкүнчүлүгү каралып, бекитилген.

"Биз талкуулап, жарандыгынан ажыратуу адамдын фундаменталдуу укугуна каршы келет деп бир добуштан кабыл алдык. КР жараны болуп төрөлгөндөн кийин аны күч менен эч ким тартып албайт, тартып алуу мүмкүнчүлүгү, механизми дагы болбошу керек. Эгер жаран өзү каалап чет өлкөнүн жарандыгын алса, ушул учурда гана жарандыктан баш тарта алат", - дейт ал.

Шерипов кошумчалагандай, жаңы долбоордо КРда цензурага жол берилбейт, сөз эркиндигин жана ЖМКлардын ишмердүүлүгүн чектеген мыйзамдар кабыл алынбайт, адамдын кадыр-баркына шек келтиргендер кылмыш жоопкерчилигине тартылбай тургандыгы жазылды.

Ошол эле учурда Конституциялык кеңешменин төрагасы Бекбосун Бөрүбашев белгилегендей, сөз эркиндиги болушу үчүн адам эркин ойлонушу керек. "Адам өз оюн эркин билдириши керек. Бул бир гана журналисттерге гана эмес, коомдун бардык катмарына тиешелүү", - деди Бөрүбашев.

Пикир

Оставить комментарий