Коомдук транспортто жол кире 10 сом — Бишкек мэриясы жаңы акция жарыялады

Коом 0

Бишкек, 28.03.24. /Кабар/. Мэриядан белгилешкендей, Бишкек шаарынын муниципалдык коомдук транспортунда жол кире үчүн накталай эмес төлөм системасы иштейт.

Коомдук транспорттун тарифтери:
- троллейбуста - 17 сом;
- автобуста – 17 сом;
- микроавтобустарда – 20 сом;
- жол кире акысын накталай төлөгөндө валидаторлор орнотулган автобустарда жана троллейбустарда - 20 сом.

Борбор калаада мобилдик тиркемелерди колдонгон жарандар үчүн акция уланууда. Ошентип, «Компаньон» банкынын тиркемесин колдонуу менен жол кире 10 сомду түзөт. Сиз транспортко түшкөндө Tulpar QR-кодун сканерлешиңиз керек.

Эскерте кетсек, бул акция 2024-жылдын 10-июнуна чейин жарактуу.

Пикир

Оставить комментарий