• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

"Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасынын" кирешеси 5 айда дээрлик 632 млн сомду түздү

Экономика 0

Бишкек, 21.06.24. /Кабар/. "Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы" муниципалдык ишканасынын кирешеси 5 айда дээрлик 632 млн сомду түздү. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында Бишкек мэри Айбек Жунушалиев билдирди.

Анын айтымында, жергиликтүү бюджеттин кирешесин жогорулатуудан тышкары, муниципалдык ишканалардын ишинин натыйжалуулугуна талдоо жүргүзүлүп жана пайда алып келүүсүнө өзгөчө көңүл бурулуп жатат.

"Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасынын" 2024-жылдын январь-май айларында бардык кирешелери 631 млн 800 миң сомду түздү. ал эми 2023-жылдын ушул мезгилинде кирешелер 63 млн 500 миң сомду түзгөн", - деп белгиледи ал

Калаа башчысы белгилегендей, мындай оң тенденция биринчи кезекте коомдук транспортто жүрүү үчүн каражаттарды чогултуунун натыйжалуулугун жогорулатуу менен байланыштуу. Мисалы, кызматка келгенден баштап, 2023-жылдын 1-ноябрына карата күнүмдүк транзакциялардын саны орточо 180 миң болсо, бүгүнкү күндө күнүмдүк транзакциялардын саны 450 миңден ашты.

Пикир

Оставить комментарий