• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

“Коопсуз шаар” маалыматтык системасы ИИМге өтөт. Президент жарлыкка кол койду

Президент 0

Бишкек, 18.09.2024. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров “Акылдуу шаар” долбоорунун “Коопсуз шаар” компонентин ишке ашыруунун маселелери жөнүндө” жарлыкка кол койду.

“Акылдуу шаар” долбоорунун “Коопсуз шаар” компонентин ишке ашыруунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылынат:

1.Ички иштер министрлиги “Акылдуу шаар” долбоорунун “Коопсуз шаар” компонентинин ишке ашырылышын координациялоо үчүн жооптуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп аныкталсын.

2.Санариптик өнүктүрүү министрлиги он күндүк мөөнөттө Ички иштер министрлигинин карамагына “Коопсуз шаар” автоматташтырылган маалыматтык системасын (мындан ары – “Коопсуз шаар” АМС) өткөрүп берсин.

3. Ички иштер министрлиги:

– “Коопсуз шаар” АМСти андан ары эксплуатациялоо жана жүргүзүү үчүн аны өзүнүн карамагына кабыл алсын;
– “Коопсуз шаар” АМСтин техникалык оператору катары Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу “Инфоком” мамлекеттик ишканасын аныктасын;
– ушул жарлыктан келип чыгуучу зарыл уюштуруучулук, финансылык жана башка чараларды көрсүн.

4.Башкы прокуратурасы:

– “Акылдуу шаар” долбоорунун “Коопсуз шаар” компонентин ишке ашыруунун алкагында аппараттык-программалык комплексти колдонуу менен түзүлгөн 2023-жылдын 1-февралынан тартып азыркы мезгилге чейинки бузуулардын бардык маалыматтар базасын “Коопсуз шаар” АМСтин архивдерине өткөрүп берсин;
– Ички иштер министрлиги жана Санариптик өнүктүрүү министрлиги менен биргеликте:

“Акылдуу шаар” долбоорунун “Коопсуз шаар” компонентин ишке ашыруунун алкагында аппараттык-программалык комплексти колдонуу менен катталган укук бузууларды иштеп чыгуу процессинин үзгүлтүксүз өтүшүн камсыз кылуу боюнча зарыл болгон чараларды көрсүн;

“Акылдуу шаар” долбоорунун “Коопсуз шаар” компонентин ишке ашыруунун алкагында аппараттык-программалык комплексти колдонуу менен катталган бардык бузууларды андан ары иштеп чыгуу үчүн “Коопсуз шаар” АМСтин толук жана үзгүлтүксүз иштеши боюнча чараларды көрсүн.

5. Министрлер кабинети:

– “Укук бузуулардын бирдиктүү реестри” автоматташтырылган маалыматтык системасында иштелип чыккан, анын ичинде “Акылдуу шаар” долбоорунун “Коопсуз шаар” компонентин ишке ашыруунун алкагында аппараттык-программалык комплексти колдонуу менен катталган укук бузууларды жасагандыгы үчүн алынуучу айыптардын суммаларын түзүүнүн жана пайдалануунун жаңы тартибин он күндүк мөөнөттө кабыл алсын;
– Кыргыз Республикасынын тиешелүү жылга республикалык бюджетинде каралган финансылык каражаттардын чегинде “Коопсуз шаар” АМСти техникалык тейлөөнү өз убагында каржылоону камсыз кылсын;
– өзүнүн чечимдерин белгиленген тартипте ушул жарлыкка ылайык келтирсин.

6.Президенттин 2023-жылдын 12-майындагы № 122 “Мамлекеттик башкаруу чөйрөсүндө санариптик трансформациялоону андан ары өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

– 1, 2-пункттар күчүн жоготту деп таанылсын.

Пикир

Оставить комментарий