• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

“Коопсуз шаардын” камералары ишке киргенден бери 2,3 млн жол эрежесин бузууну каттаган

Коом 0

Бишкек, 30.03.21. /Кабар/. “Коопсуз шаардын” камераларына 2019-жылдын 4-мартынан 2021-жылдын 26-мартына чейин 2 миллион 239 миңден ашуун жол эрежесин бузуу катталган. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, “Коопсуз шаардын” камералары төмөнкү жол эрежелер бузган унааларды тарткан:

1 млн 405 миң 338 жолу жогорку ылдамдыкта башкаргандыгы үчүн;

282 миң 451 жолу жол белгилеринин талаптарын бузгандыгы үчүн;

252 миң 661 жолдун өтүүчү бөлүгүндөгү жол сызыктарынын талаптарын бузгандыгы үчүн;

176 миңден ашуун стоп-линиясын кесип өткөндүгү;

33 миң 701 жолу жол чырагынын тыюу салган жарыгына айдоо же жөнгө салуучунун талаптарын аткарбоо;

66 миң 643 жолу озуп өтүү же маневр жасоо эрежелерин бузуу менен кыймылдын каршы тилкесине чыгуу;

18 миң 323 жолу маневр жасоо эрежелерин бузуу;

3 миң 815 жолу токтоо же токтоп туруу эрежелерин бузуу;

44 жолу жөө адамдар өтүүчү тилкелерден өтүү, тротуар менен айдоо.

Мониторинг борборунун комиссиясын кароосунда жол кыймылынын эрежелерин бузуучулар тарабынан 7 миң 843 кайрылуу келип түшкөн.

Мониторинг борборунун комиссиясы тарабынан 118 жолу отуруму өткөрүлүп, отурумда 7 миң 777 жол эрежесин бузган учурлар каралган. Анын ичинен жол кыймылынын эрежелерин бузган учурлар боюнча 2 миң 43 чечим өзгөртүүсүз күчүндө калтырылган. Ал эми 5 миң 734 бузуу өндүрүштө токтотулган, жокко чыгарылган. Пандемия учурунда жарандарыбызга медициналык жардам көргөзгөн ыктыярчылардын кайрылуусунда 670 бузуулар токтотулуп жокко чыгарылды.

Пикир

Оставить комментарий