• 87
  • 90.41
  • 0.84

"Кооптуу жүк" аталышында рейддин алкагында 512 миң сом айып салынды – ЖКККББ

Коом 0

Бишкек, 04.09.24. /Кабар/. 26-30-август аралыгында өлкө аймагында "Кооптуу жүк" аталышында рейд өткөрүлдү. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, рейд Жол көзөмөлдөө бөлүмү тарабынан жүргүзүлүп, күйүүчү майларды, жарылуучу заттарды, газ суюктуктарын, күйүп кетүүчү заттарды, уулу радиоактивдүү заттарды ташыган оор жана коопту унаалар текшерилди.

Рейддин жүрүшүндө 73 коопту жүк ташыган унаалар текшерилип, аныкталган кемчиликтери үчүн 63 айдоочуга укук бузуулар жөнүндө протоколдор толтурулуп, жалпы 512 миң сомго айып салынды.

Мындан тышкары, коопту жүктөрдү ташыган "Сервис муңайзат компаниясы", "Альфа Ойл", "Ред Петролеум" ЖЧКларынын жана "Кант" нефтебазасынын айдоочуларына жол эрежелерин сактоо жана унаалардын техникалык абалына көңүл буруу багытында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Пикир

Оставить комментарий