• 86.8
  • 91.06
  • 0.82

Координацилык кеңеш Элдик ишеним өкмөтүн түзүүнү сунуштап жатат

Коом 0

Бишкек, 06.10.20. /Кабар/. Биздин башкы максатыбыз - Кыргызстандын жашоо-турмушун укуктук талаага алып келүү. Бул тууралуу маалымат жыйында Координациялык кеңештин жетекчиси Адахан Мадумаров билдирди.

Анын айтымында, учурда Координациялык кеңеш өкмөттүн отставкасын кабыл алуу үчүн учурдагы Жогорку Кеңштин депутаттарын тез арада чогултууну сунуштап жатат.

"Ошондой эле жалгыз мыйзамдуу бийлик бутагына Элдик ишеним өкмөтүн кабыл алууну сунуштап жатабыз", - деди ал.

Анын айтымында, Координациялык кеңештин мүчөлөрү бийликке умтулган жок жана портфель бөлүшкөн жок.

Эскерте кетсек, 6 саясий партиянын лидерлери өлкөдөгү кырдаалды турукташтыруу үчүн Координациялык кеңешти түзүшкөн.

Пикир

Оставить комментарий