• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

“Корея – Кыргызстан" агроөнөр жай комплекси” агроөнөр жай кластерин түзүү жөнүндө” жарлыкка өзгөртүү киргизилди

Президент 0

Бишкек, 26.07.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров “КР президентинин 2022-жылдын 7-декабрындагы № 387 “Корея – Кыргызстан” агроөнөр жай комплекси” агроөнөр жай кластерин түзүү жөнүндө” жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” жарлыкка кол койду.

Айыл чарбасын өнүктүрүү, агроөнөр жай кластерлердин субъекттерин агроазык-түлүк продукцияларын сатуунун эл аралык рынокторуна чыгаруу максатында, КР Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылынат:

1. Кыргыз Республикасынын президентинин 2022-жылдын 7-декабрындагы № 387 “Корея – Кыргызстан” агроөнөр жай комплекси” агроөнөр жай кластерин түзүү жөнүндө” жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-пунктта “Алдынкы агроөнөр жай комплекси” жоопкерчилиги чектелген коомунун” деген сөздөр “Кыргыз Агрохолдинг” ачык акционердик коомунун” деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 4-пункттун “б” пунктчасынын үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: “– Кластердин катышуучуларынын реестрин каттоо жана жүргүзүү”.

Пикир

Оставить комментарий