• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Кореяда иштеген Кыргызстандын жарандары бир жолку төлөмдөрдү алууда

Коом 0

Бишкек, 07.08.24. /Кабар/. Кореяда расмий түрдө иштеп, эмгек акыларынан төгүмдөрдү жүргүзгөн кыргыз жарандары бир жолку төлөмдөрдү алууда.

Кыргызстандын Социалдык фондунан билдиришкендей, жарандарга төлөмдөр Кыргызстанга келгенден кийин төлөнүүдө. Бир жолку төлөмдөрдүн орточо өлчөмү 4 миң 200 АКШ долларын түзөт.

Жалпысынан бүгүнкү күндө Кореяда иштеп келип пенсиялык топтоолордун бир жолку төлөмдөрүн алуу үчүн 95 адам кайрылган. Алардын ичинен 80 адамдын документи каралып, бир жолку төлөм төлөндү. Учурда 15 адам чечимди күтүүдө.

Пикир

Оставить комментарий