• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Кореяда “Мунабия” тасмасынын бет ачары болот

Маданият 0

Бишкек, 12.09.17 /Салтанат Абдраева – Кабар/. “Мунабия” кыргыз тасмасынын дүйнөлүк бет ачары 12-21-октябрда Түштүк Кореяда өтө турган 22-Пусандык эл аралык кинофестивалда болот.

Продюсер Талантбек Төлөбеков билдиргендей, бет ачар 13-октябрда Busan Cinema Center борборунда өтөт. Ошондой эле үч ирет көрсөтүлөт.

Тасманын режиссеру Таалайбек Кулмендеев. Бул 71 мүнөттүк толук метраждуу көркөм тасма. Тасманын бюджети 70 миң АКШ долларын түзөт.

Башкы ролдордо Гүлзинат Суранчиева, Мээрим Атантаева, Назым Мендебаиров, Сакен Карабаев ж.б.

«Мунабия» - бул башына кыйын сыноолор, кемсинүүлөр түшкөн сулуу, эркин жана акылдуу аялдын образы. Коомдун адилетсиз мамилесинде намысын ар ким эле сактап кала албайт. “Мунабия” – бул кыргыздын Ромео жана Жульеттасынын сүйүү баяны. Белгилүү жазуучу Казат Акматовдун “Мунабия” новелласы 70-жылдардын соңунда “Жылдын мыкты чыгармасы” сыйлыгына татыган.

Пикир

Оставить комментарий