• 87
  • 90.43
  • 0.88

Кореяда “Мунабия” тасмасынын дүйнөлүк бет ачары болду

Маданият 0

Бишкек, 20.10.17. /Кабар/. Режиссер Талантбек Төлөбековдун “Мунабия” тасмасынын дүйнөлүк бет ачарыТүштүк Кореяда өткөн 22-Пусандык эл аралык кинофестивалда болду. Иш-чара 12нен 21-октябрь аралыгында болгон.

Кулмендеевдин “Мунабия” тасмасы “A Window on Asian Cinema” программасында катышкан.

“Мунабия” тасмасын режиссер өзү сунуштап, көрүүчүлөдү жана кино сынчыларды кызыктырган суроолорго жооп берген.

«Мунабия» - бул башына кыйын сыноолор, кемсинүүлөр түшкөн сулуу, эркин жана акылдуу аялдын образы. Коомдун адилетсиз мамилесинде намысын ар ким эле сактап кала албайт. “Мунабия” – бул кыргыздын Ромео жана Жульеттасынын сүйүү баяны. Белгилүү жазуучу Казат Акматовдун “Мунабия” новелласы 70-жылдардын соңунда “Жылдын мыкты чыгармасы” сыйлыгына татыган.

Пикир

Оставить комментарий