• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Кореядан Кыргызстанга унаа менен косметика каражаттары көп импорттолууда – Итибаев

Коом 0

Бишкек, 09.09.2024 /Кабар/. Кореядан Кыргызстанга автоунаа менен косметика каражаттары көп импорттолууда. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Чет элдик инвесторлор ассоциациясынын төрагасы Кайрат Итибаев билдирди.

Анын айтымында, өткөн жылы Кыргызстан Түштүк Кореядан 1 млрд долларга унаа импорттогон.

Итибаев белгилегендей, унаа ташуу багытындагы кызматты өнүктүрүү үчүн бул жакшы мүмкүнчүлүк, мисалы Кыргызстандан келечекте автоунааларды ЕАЭБ аймагындагы өлкөлөргө реэкспорт кылууга мүмкүн болот.

“Учурда Кыргызстанда кореялык косметика каражаттарына болгон суроо-талап жогорулагандыгына байланыштуу косметикалык каражаттарды ташып келүүнүн көлөмү өсүүдө. Ошондой эле Кыргызстанга Кореядан тамак-аш түрлөрүн импорттоо көбөйүп жатат”, - деди Итибаев.

Кореянын Кёнсан-Пукто провинциясынын губернатору Ли Чхоль Унун маалыматы боюнча, автомобилдерди экспорттоодо Корея дүйнөлүк лидерлердин бири болуп саналат, биринчи Америка, экинчи Европа андан кийин Кыргызстан автоунааларды көп сатып алат.

Пикир

Оставить комментарий